Уакари

Уакари
Таз баш Уакари
Илимий классификация
дүйнөсү:Айбантар
тиби:Хордалуулар
классы:сүт эмүүчүлөр
түркүмү:Төрт бутуулар
тукуму:Маймыл сымалдуулар
уруусу:Маймыл
түрү:Уакари

Уакари же Какажао, какайо, (лат. Cacajao) — Маймыл сымалдуулар тукуму Pitheciinae, уруусу (лат. Platyrrhini).Уакаринин башкы өзгөчөлүгү – бети жайык, ачык кызыл түстө жана түгү жок, ал эми башы таз. Жашаган жери – Түштүк Американын түндүк-батыш жагындагы тропиктик, жамгыр абдан көп жаачу токойлор. Тагыраак айтканда, Бразилия, Түштүк Колумбия жана Перунун чыгышы.

Мүнөздөмө

Бойлорунун бийиктиги 54-57 сантиметрге, салмактары 2,9-3,5 килограммга чейин жетет. Куйругунун узундугу 14-19 сантиметрди түзөт. Кулактары адамдардыкына окшош. Уакари ич ара майда түрлөргө бөлүнөт. Андыктан айрымдарынын узун, самсаалаган жүнүнүн өңү көгүш-боз болсо, кээлериники саргыч, кызгылт-күрөң. Тамактарында сакалга окшоп түк өсөт. Ооздорунда 36 тиш болот. 30-50дөн, ал тургай жүзгө чейин топтошуп жашашат жана топту күчтүү эркеги башкарат. Негизинен, мөмөлөр менен азыктанышат. Аз өлчөмдө гүлдөрдү, дарактардын жалбырактарын жана курт-кумурскаларды да жешет. Жамгыр сезону кезинде тамакты дарактардын өйдө жагынан издеп калышат. Кургакчылыкта жерге түшкөн мөмөлөр, өсүмдүктөрдүн даны менен да тамактанууга туура келет. Эртең менен тамак издеп аз-аздан бөлүнүп кетишкени менен, кечки убак баары бир жерге чогулушат. Жашоосунун көбү даракта өт­көндүктөн, жоон бутактарда 4 буттап басып, дарактан даракка се­кирип, чоң аралыкты өтө алат. Се­кирүү жагынан булар шамдагай гимнасттарга окшоп кетет. Бири-бири менен үн чыгарып байланышат. 600 гектарга чейинки аралыктын ичинде гана нары-бери которулуп жашап, андан ары алыс кетишпейт. Ачуусу катуу келгенде кызыл беттери ого бетер кызарып кетет. Болжол менен 6-8 жылга чейин жашашат.

Other Languages
català: Uacari
Cebuano: Cacajao
dansk: Uakarier
Deutsch: Uakaris
English: Uakari
español: Cacajao
euskara: Uakari
فارسی: یوآکاری
français: Ouakari
עברית: אואקרי
italiano: Cacajao
lietuvių: Uakaris
Nederlands: Cacajao
polski: Uakari
پنجابی: یواکاری
português: Cacajao
русский: Какажао
Simple English: Uakari
slovenščina: Uakari
svenska: Kortsvansapor
Tagalog: Cacajao
українська: Уакарі
Tiếng Việt: Cacajao
Winaray: Cacajao
中文: 禿猴屬