Пекин
English: Beijing

Шаар
Пекин, Бээжин
北京
Beijing montage
ӨлкөКытай
Координаттар39°56′N 116°24′E / 39°56′N 116°24′E / 39.933; 116.400
МэрВан Аньшунь
Тарыхы жана Географиясы
Аянты16 801 км²
Климатынын түрүмелүүн
Убакыт аралыгыUTC+8
Калкы
Калкы21 516 000 адам (2014)
Жыштыгы1311 адам/км²
Этнохоронимпекиндик, бээжиндик
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+86 10
Почта индекстери100000 — 102600
Автоунаа коду京A, C, E, F, H
京B (такси)
京G (шаар тышкары зона)
京O (полиция жана бийлик)
Сандык идентификаторCN-11
Расмий сайтыhttp://www.beijing.gov.cn/  (кыт.)
Пекин (Кытай)<div style="font-size:88%;line-height:1.2em;position:absolute;z-index:2;left:69.269794832728%;top:Expression error: Unrecognized punctuation character "#".%">
Locator Dot2.gif

Пекин, Бээжин [пиньинь – Běijīng, палладий – Бэйцзин – түз мааниде «Түндүктөгү борбор» 1928-49-жылдары Бэйпин (Beiping), түз мааниде : «Түндүктөгү тынчтык»] – Кытай Эл Республикасынын (КЭР) борбору. Өлкөнүн чыгышында, Улуу Кытай түздүгүндө, Сишан тоолорунун этегинде, Юндинхэ дарыясынын алабында жайгашкан. Айланасындагы райондор менен биригип, борборго баш ийген өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Климаты мелүүндүк Мезгил-мезгили менен муссон шамалы болуп турат. Январдын орточо температурасы –4,6°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны 650 мм. Табигый шартынын өзгөчөлүгү – катуу жер титирөө болуу мүмкүн экенинде. Аянты 17,8 миң км2. Калкы 21,1 млн (2013); шаар айланасы менен). Шоуду эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Сары деңиздин Бохайвань булунунан 160 км, Улуу каналдын башталышындагы ири жол тоому. Шаардын айланасында металлургия, нефть-химиялык, машина куруу, текстиль, химя, аскер, радиоэлектроника, полиграфиялык, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт. КЭР Илимдер Академиясы, университет, театрлар, музейлер (анын ичиндеКытай тарыхы, Гугун ж. б.) сүрөт галереясы, Сней Бейхун мемориалдык музейи ж. б. бар. Пекин – Кытайдагы байыркы шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбору эки бөлүктөн – Татар шаардан [түндүк бөлүгү, 100дөн ашык ганы ээлейт; «Жабык шаар» (Пекиндин ядросу), Император ак сарай комплекси менен; 15-кылымдын 1-жарымы; учурда Гугун музейи], Кытай шаардан (түштүк бөлүгү, бул шаарча айланта чеп дубалдар менен курчалып, кийинчерээк алынып салынган) турат. Аты окшош аянтта Мао Цзэдундун мавзолейи жайгашкан. Дүйнөдөгү эң чоң Тяньаньмынь аянты (44 га; 1 млн киши батат); - Пекиндин заманбап борбору. Асман алтары, Хуанцюнъюй (көмкөрүлүп турган асман сыяктуу) зал, Циняньдянь (чокунуу) залы, Тяньтань храм ансамбли, Ихэюань (Жайкы) ак сарайы (12-кылым; бул жерде Мин династиясынын 13 башкаруучусунун күмбөзү бар) сакталган. Пекинде Кытай Илимдер Академиясы (анын ичинде медициналык, айыл-чарба), илим изилдөө иституттары, 50дөн ашык Жогорку окуу жайлары [анын ичинде университеттер (Пекин, Цинхуа, Кытай элдик, авиация жана космонавтика, политехникалык, өнөр-жай, химиялык, айыл-чарба ж. б.)], бир нече ири китепканалар (бай фонддору менен), обсерватория, 30дан ашык музей, цирк (бүткүл дүйнөгө белгилүү), кино, театр академиялары, консерватория бар. Ботан. бак уюштурулган. Пекин экономикасынын тездик менен өнүгүүсүнүн натыйжасында шоп-туризм борборуна да айланууда. Пекинде Жибек (кийим-кечек, аксессуарлар), Бермет (аты эле айтып турат), Яболу (дүң жана чекене соода) жана Орус (тилмечтин эч кереги жок) базарлары иштейт. 1970–90-жылдарда көп кабаттуу турак жай кварталдары жана коомдук жайлар салынды. 2008-ж. олимпиада жана 1990-ж. Азия оюндары өткөрүлгөн.

Манас эпосунда

Бээжин, Түп Бээжин, Чоң Бээжин, Орто Бээжин, Кичи Бээжин, Чет Бээжин, Нур Бээжин — топоним. Кыргыздардын жана аларга жамаатташ тектеш элдердин эң негизги эпикалык душманы — кырк кан элинин (кытайлардын) башкы кандарынын ордо шаары, көпчүлүк учурда, өтмө мааниде жалпы эле кытай өлкөсү, мамлекети. Соңку мезгилдеги манасчылардын түшүнүгү боюнча эпостогу Бээжин географиялык реалия катары азыркы Пекин шаарына туура келет. Б. з. ч. 1-миң жылдык — б. з. 10-кылымдагы жылнаамаларда ал Цзи шаары деп аталат. 936-ж. Сицзинь, 937-ж. Нанцзинь (12-кылымдын ортосуна чейин кара кытайлар мамлекетинин түштүк бөлүгүнүн борбору), 12-кылымдын ортосунан Чжунду же Дисин (Цзинь мамлекетинин ортоңку бөлүгүнүн борбору) болгон. 1215-ж. шаарды моңголдор ээлеп, Даду же моңголчо Ханбалык (кандын шаары) деген ат менен белгилүү. 13—14-кылымда Юань моңгол империясынын борбору болуп турган. 1368-ж. Кытай моңголдордон бошонгон соң Бейжин (Түндүк бейпилдик) деп аталган. 1412-ж. кытайдын Мин империясынын, 1644жылдан Цин династиясынын борбору болуп, ошондон ушул күнгө чейин Бейцзин ( түндүк бөлүгүнүн борбору) аталат (орусча транскрипциясы Пекин). Бэйцзинди кыргыздар өз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап Бээжин деп айткандай эле башка түрк-моңгол элдеринде да Пежин, Баачин, Баажин, Бейжин, Бэжин формасында айтылат. ''Манас'' эпосундагы эпикалык-географиялык ат Бээжин да ушул эле реалдуу Пекин шаарынын кытайча аталышына байланыштуу. Бээжинди борбор кылып алган Маньчжурдук Цин династиясы 1644— 1912-ж. кытай мамлекетине үстөмдүк кылуу менен бирге 17-кылымдын 80-жылдарынан 18-кылымдын 70-жылдарына чейин коңшу элдерге, анын ичинде Чыгыш Түркстандагы, Орто Азиядагы элдерге каршы баскынчы саясат жүргүзүшкөн. Мындагы элдердин ал баскынчы саясатка каршы жүргүзүп келген биргелешкен күрөшүндө кыргыз уруулары көбүнчө жетекчилик роль ойногон. Бул тарыхый конкреттүү кырдаал ''Манас'' эпосунун баштатан айтылып келе жаткан салттык-согуштук окуяларына жаңы тарыхый катмар болуп кирген. Эпостогу негизги эпикалык жоо кара кытайлар менен катар манжу (маньчжу) деген реалдуу эл аты да эпикалык душман катары айтыла баштаган. Ушул эле учурда манжулардын борбору болгон Бээжин шаары эпосто башкы жоонун борбору катары айтыла баштаган. Бээжин деген географиялык аталыш кыргыздарга манжур Цин династиясынын мезгилинен алда качан мурун эле тааныш болгон. Байыркы кытайлар түндүк жагындагы көчмөн түрк-моңгол элдеринин чек арасы менен жакын турган чоң шаарларынын улам бирин шартка жараша Бээжин деп атап келишкен. Мисалы, азыркы Бээжин Чыңгызкан Кытайды караткан учурда Дасин (ортоңку борбор) аталган, ал эми Бээжин аттуу шаар азыркы Жэкэ провинциясынын аймагында жайгашкан. Кытайларда Б-ге мааниси жакын, үндөш Бейжин деген географиялык термин биздин заманга чейин эле алардын түндүк жагындагы коңшуларынын ордосуна карата колдонулуп келген. Алгачкы учурда ал «түндүк ордо», «түндүк сарай» деген түшүнүккө ээ болуп, өтмө мааниде «түндүк варварлардын территориясы» деп да айтылган. Кыйла кийинчерээк топонимге айланган (мисалы, Чыгыш Түркстандагы уйгур бийлөөчүлөрүнүн ордо шаары Бешбалыктын кытайча варианты Бейтин болгон). Эне-Сай кыргыздары уйгурларды талкалап, качкандарын кубалап олтуруп, 843-ж. ушул Бейтинди (Бешбалыкты) караткан, бирок 1133-ж. Елюй Даши башында турган кара кытайларга тарттырып жиберишкен. Бейжин Бэй-цзин деген топоним белгилүү бир шаардын туруктуу энчилүү аты болбостон династиялар, кандыктар алмашкан сайын улам бир шаарга ыйгарыла беришинен түрк-моңгол элдеринде Бээжин деген термин белгилүү бир топоним эмес дубал, сепил деген жалпы ат катары колдонулуп калса керек (орто кылымда бардык шаарлар сепил, дубал менен курчалгандыгына байланыштуу). Эне-Сай кыргыздары күч алып турган чакта алардын Борбордук Азиядагы түштүк чек арасында курулган байыркы сепилдүү шаар чалдыбарын жергиликтүү эл бүгүнкү күндө да Бор-Бежин (чопо сепил, дубал) аташат. «Манаста» Түп Бээжин, Орто Бээжин жана башкалар бир нече Бээжин бар; алар алтымыш, жетимиш байсалуу сепилдер менен курчалган, эпикалык душмандар жеңилип, баштарына кыйынчылык түшкөндө ага жашынып кутулат (мисалы, Манастан качканда Коңурбай Алгарасын ошол сепилден секиртип өтүп, дайыма кутулуп кетет). Эпосто да Бээжин бирде конкреттүү бир шаардын энчилүү аты, бирде сепилдүү шаар деген жалпы ат катары колдонулат.

Other Languages
Acèh: Beijing
адыгабзэ: Пекин
Afrikaans: Beijing
Alemannisch: Peking
አማርኛ: ቤዪጂንግ
aragonés: Pequín
Ænglisc: Beicing
العربية: بكين
مصرى: بيكين
অসমীয়া: বেইজিং
asturianu: Beixín
Aymar aru: Pekin
azərbaycanca: Pekin
تۆرکجه: پکن
башҡортса: Пекин
Boarisch: Peking
žemaitėška: Pekėns
Bikol Central: Pekin
беларуская: Пекін
беларуская (тарашкевіца)‎: Пэкін
български: Пекин
भोजपुरी: बीजिंग
Bislama: Beijing
Banjar: Péycing
bamanankan: Beijing
বাংলা: বেইজিং
বিষ্ণুপ্রিয়া মণিপুরী: বেইজিং
brezhoneg: Beijing
bosanski: Peking
буряад: Бээжэн
català: Pequín
Chavacano de Zamboanga: Pekín
Mìng-dĕ̤ng-ngṳ̄: Báe̤k-gĭng
нохчийн: Пекин
Cebuano: Pekin
Chamoru: Beijing
Tsetsêhestâhese: Beijing
کوردی: پێکەن
qırımtatarca: Pekin
čeština: Peking
Чӑвашла: Пекин
Cymraeg: Beijing
dansk: Beijing
Deutsch: Peking
Zazaki: Pekin
dolnoserbski: Peking
डोटेली: बेइजिङ
ދިވެހިބަސް: ބީޖިންގ
eʋegbe: Beijing
Ελληνικά: Πεκίνο
English: Beijing
Esperanto: Pekino
español: Pekín
eesti: Peking
euskara: Pekin
estremeñu: Pequín
فارسی: پکن
suomi: Peking
Võro: Peking
Na Vosa Vakaviti: Beijig
føroyskt: Beijing
français: Pékin
arpetan: Pèquin
Nordfriisk: Peking
Frysk: Peking
Gaeilge: Béising
贛語: 北京
Gàidhlig: Beijing
galego: Pequín
Avañe'ẽ: Pekĩ
ગુજરાતી: પેઇચિંગ
Gaelg: Beijing
Hausa: Beijing
客家語/Hak-kâ-ngî: Pet-kîn
Hawaiʻi: Beijing
עברית: בייג'ינג
हिन्दी: बीजिंग
Fiji Hindi: Beijing
hrvatski: Peking
hornjoserbsce: Peking
Kreyòl ayisyen: Peken
magyar: Peking
հայերեն: Պեկին
interlingua: Beijing
Bahasa Indonesia: Beijing
Interlingue: Beijing
Ilokano: Beijing
ГӀалгӀай: Пекин
Ido: Beijing
íslenska: Beijing
italiano: Pechino
日本語: 北京市
Patois: Biejing
la .lojban.: beidjin
Jawa: Beijing
ქართული: პეკინი
Qaraqalpaqsha: Pekin
Taqbaylit: Pekin
Kabɩyɛ: Peekɛɛ
Gĩkũyũ: Beijing
қазақша: Бейжің
kalaallisut: Beijing
ភាសាខ្មែរ: ប៉េកាំង
ಕನ್ನಡ: ಬೀಜಿಂಗ್
한국어: 베이징시
kurdî: Beijing
коми: Пекин
kernowek: Beijing
Latina: Pechinum
Ladino: Peking
Lëtzebuergesch: Peking
лезги: Пекин
Limburgs: Peking
Ligure: Pechin
lumbaart: Pechin
lingála: Beijíng
لۊری شومالی: پکٱن
lietuvių: Pekinas
latviešu: Pekina
मैथिली: बेइजिङ
Malagasy: Beijing
олык марий: Пекин
Māori: Beijing
Minangkabau: Beijing
македонски: Пекинг
монгол: Бээжин
मराठी: पेकिंग
Bahasa Melayu: Beijing
Mirandés: Pequin
မြန်မာဘာသာ: ပေကျင်းမြို့
эрзянь: Пекин ош
مازِرونی: پکن
Dorerin Naoero: Beijing
नेपाली: बेइजिङ
नेपाल भाषा: बेइजिङ
Nederlands: Peking
norsk nynorsk: Beijing
norsk: Beijing
Novial: Beyjing
Nouormand: Péqùin
Chi-Chewa: Beijing
occitan: Pequin
Livvinkarjala: Pekin
Oromoo: Beejiingi
ଓଡ଼ିଆ: ବେଜିଂ
Ирон: Пекин
ਪੰਜਾਬੀ: ਬੀਜਿੰਗ
Kapampangan: Beijing
Papiamentu: Bejing
Picard: Pékin
Deitsch: Beijing
Norfuk / Pitkern: Beijing
polski: Pekin
Piemontèis: Pechin
پنجابی: بیجنگ
پښتو: بیجنګ
português: Pequim
Runa Simi: Pikkin
romani čhib: Pekenk
română: Beijing
tarandíne: Pechine
русский: Пекин
русиньскый: Пекінґ
संस्कृतम्: बीजिङ्ग्
саха тыла: Пекин
ᱥᱟᱱᱛᱟᱲᱤ: ᱵᱮᱡᱤᱝ
sardu: Beijing
sicilianu: Pechinu
Scots: Beijing
davvisámegiella: Peking
srpskohrvatski / српскохрватски: Peking
සිංහල: බෙයිජිං
Simple English: Beijing
slovenčina: Peking
slovenščina: Peking
chiShona: Beijing
Soomaaliga: Beijing
shqip: Pekini
српски / srpski: Пекинг
Sranantongo: Beijing
Seeltersk: Peking
Sunda: Béijing
svenska: Peking
Kiswahili: Beijing
ślůnski: Bejdżing
தமிழ்: பெய்ஜிங்
తెలుగు: బీజింగ్
тоҷикӣ: Пекин
Türkmençe: Pekin
Tagalog: Beijing
Setswana: Beijing
lea faka-Tonga: Beijing
Tok Pisin: Beijing
Türkçe: Pekin
Xitsonga: Beyijingi
татарча/tatarça: Ханбалык
chiTumbuka: Beijing
Twi: Beijing
ئۇيغۇرچە / Uyghurche: بېيجىڭ شەھىرى
українська: Пекін
اردو: بیجنگ
oʻzbekcha/ўзбекча: Pekin
vèneto: Pechin
vepsän kel’: Pekin
Tiếng Việt: Bắc Kinh
Volapük: Beycing
walon: Pekin
Winaray: Beijing
Wolof: Beijing
吴语: 北京
მარგალური: პეკინი
ייִדיש: בייזשינג
Yorùbá: Beijing
Vahcuengh: Baekging
Zeêuws: Peking
中文: 北京市
文言: 北京市
Bân-lâm-gú: Pak-kiaⁿ-chhī
粵語: 北京
isiZulu: Beijing