Коро шаары

Коро шаары – Венесуэланын түндүк-батышындагы шаар. Фалькон штатынын административдик борбору. Карио деңизине жакын, Парагуана жарым аралында жайгашкан. Калкы 256,4 миң (2009; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1524-ж. негизделген. 1578-ж. чейин Венесуэла провинциясынын административдик борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт жана балык консервалары беленделет) өнөр-жай жана шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыратуучу (PDVSA компаниясынын) эки завод иштейт. Университеттер (анын ичинде Католик ж. б.), институт, китепканалар бар. Туризм өнүккөн.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
aragonés: Coro (Venezuela)
čeština: Coro
Deutsch: Coro
Esperanto: Coro (Venezuelo)
suomi: Coro
Na Vosa Vakaviti: Coro
français: Coro
hrvatski: Coro
Հայերեն: Կորո
한국어: 코로 (도시)
Latina: Corum
Nederlands: Coro
norsk: Coro
Papiamentu: Coro
polski: Coro
português: Coro (Venezuela)
Runa Simi: Coro (Winisuyla)
română: Coro, Venezuela
русский: Коро
srpskohrvatski / српскохрватски: Coro, Venezuela
slovenčina: Coro
svenska: Coro
Türkçe: Coro
українська: Санта-Ана-де-Коро
Tiếng Việt: Santa Ana de Coro
Volapük: Coro
Winaray: Coro