Ашкеназдар

Ашкеназдар, ашкиназдар - еврейлердин этностук тобу. Саны 9 млн адам (2004). Идиш тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү иудаизм динин тутушат. Ашкеназдар 1-2-миң жылдыкта роман, арамей жана славян тилдүү еврей улуттарынын негизинде Рейндин ортоңку алабында, Дунайдын жогорку жана чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 1215-кылымда ашкеназдардын негизги бөлүгү Польша жана Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилдүү кенаиттер тобу менен ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыцианер (Галицияда), волын-подолдук жана валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) жана башка субэтностук топторго бөлүнөт. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара түстүү баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-көк түстөгү атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын жана бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. Ашкеназдардын тукумдары Израилде 50% жана диаспордогу еврейлер 80% ти түзөт.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Other Languages
Alemannisch: Aschkenasim
aragonés: Axkenazís
العربية: يهود أشكناز
azərbaycanca: Aşkenazi yəhudiləri
беларуская: Ашкеназы
беларуская (тарашкевіца)‎: Ашкеназы
български: Ашкенази
català: Asquenazites
Deutsch: Aschkenasim
Ελληνικά: Ασκεναζίτες
Esperanto: Aŝkenazoj
español: Asquenazí
euskara: Askenazi
فارسی: اشکنازی
français: Ashkénaze
galego: Asquenací
hrvatski: Aškenazi
magyar: Askenázik
հայերեն: Աշկենազներ
interlingua: Ashkenazi
Bahasa Indonesia: Yahudi Ashkenazi
italiano: Aschenaziti
ქართული: აშქენაზები
Latina: Aschenates
Ladino: Ashkenazim
لۊری شومالی: ٱشکنازی
latviešu: Aškenazi
Bahasa Melayu: Yahudi Ashkenaz
Plattdüütsch: Aschkenasim
norsk nynorsk: Askenasar
norsk: Askenaser
occitan: Ashkenazim
português: Asquenazes
română: Evrei așkenazi
русский: Ашкеназы
srpskohrvatski / српскохрватски: Aškenazi
Simple English: Ashkenazi Jews
slovenčina: Aškenázski Židia
slovenščina: Aškenazi
српски / srpski: Ашкенази
svenska: Ashkenazer
Türkçe: Aşkenaz
українська: Ашкеназі
ייִדיש: אשכנזים