Атмосфера басымы

Атмосфера басымы (6-2012).

Атмосфера басымы - атмосферадагы абанын Жер бетине жана андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы. Атмосфера басымы - атмосферанын абалын мүнөздөөчү негизги чоңдук, атмосферанын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы менен аныкталат. Бир литр абанын салмагы 1, 2928 г, ал 1 см2 аянтка 1033 г басым жасайт. Атмосфера басымы барометр же гипсотермометр менен өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы (н/м2) же 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) жана оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деңиз деңгээлинен ж-а 45° кеңдик боюнча) чоңдугу менен туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу атмосфера басымы 760 мм сымап мамычасы =1013,25 мбар =101325 н/м2. Бийиктик жогорулаган сайын атмосфера басымы азая берет: 5 км бийиктикте атмосфера басымы Жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон жана башка) карабастан, жер бетиндеги жылдык орточо атмосфера басымы бир калыпта болот. Деңиз деңгээлиндеги бийиктикте байкалган эң төмөнкү басым 584 мм, эң жогорку 808,7 мм.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Other Languages
Afrikaans: Lugdruk
العربية: ضغط جوي
azərbaycanca: Atmosfer təzyiqi
беларуская: Атмасферны ціск
беларуская (тарашкевіца)‎: Атмасфэрны ціск
Deutsch: Luftdruck
Esperanto: Atmosfera premo
eesti: Õhurõhk
فارسی: فشار جو
suomi: Ilmanpaine
magyar: Légnyomás
Bahasa Indonesia: Tekanan atmosfer
íslenska: Loftþrýstingur
日本語: 気圧
한국어: 대기압
Bahasa Melayu: Tekanan atmosfera
Nederlands: Luchtdruk
norsk nynorsk: Lufttrykk
srpskohrvatski / српскохрватски: Atmosferski tlak
Simple English: Atmospheric pressure
slovenčina: Atmosférický tlak
slovenščina: Zračni tlak
svenska: Lufttryck
українська: Атмосферний тиск
oʻzbekcha/ўзбекча: Atmosfera bosimi
Tiếng Việt: Áp suất khí quyển
中文: 气压
文言: 氣壓
Bân-lâm-gú: Khì-ap
粵語: 大氣壓力