Антарктика

Антарктика (анти... жана Арктика, башкача айтканда Арктикага каршы жайгашкан аймак) - Жердин түштүк уюл аймагы. Антарктиданы, Атлантика, Тынч жана Инди океандарынын Антартидага жакын жаткан бөлүктөрүн, Уэдделл, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен деңиздери менен, ошондой эле Түштүк Георгия, Түштүк Сандвичевдер, Түштүк Оркней, Түштүк Шетланд жана башка аралдарды камтыйт. Анын чегарасы 48-60° түштүк кеңдик (Антарктика конвергенциясынын түндүк абалынын сызыгы) боюнча өтөт. Аянты 52,5 млн км2. Абанын темпрасы эң төмөн, катуу шамал, кардуу бороон болуп, көбүнчө туман басып турат. Антарктика Жер шарындагы эң катаал, суук аймак, субантарктикалык аймактын эң жылуу айынын орточо температурасы 10°С, эң суук айыныкы 0°Сден -10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны Чыгыш Антарктиканын жээктеринде 30-50 мм, Антарктика жарым аралынын батыш жээктеринде жана субантарктика аралдарында 1000 ммден ашык. Материк калың муз катмары менен капталган; аралдарды адатта тоо мөңгүлөрү каптаган. Деңиз музунун аянты сезондон сезонго өзгөрүп турат; кыштын аяк ченинде 20 млн км2дей, жайында 2,5 млн км2дей. Үстү жалпак айсбергдер мүнөздүү. Органикалык дүйнөсү Антарктикада өтө жарды, океанда өтө бай. Аралдарда тундра өсүмдүктөрү өсөт; деңизде сүзүүчү канаттуулар көп. Деңиз жаныбарларынан кит, калак буттуулар бар. Алар криль (көп топтолгон) менен тамактанат. 1959-жылдагы Эл аралык келишим боюнча Антарктика демилитаризацияланган бейтарап зона, тынчтык максатка гана пайдаланылат; илимий-изилдөө иштери эркин жүргүзүлөт.

  • Колдонулган адабияттар

Колдонулган адабияттар

Other Languages
Alemannisch: Antarktis
azərbaycanca: Antarktika
башҡортса: Антарктика
Boarisch: Antarktis
беларуская: Антарктыка
беларуская (тарашкевіца)‎: Антарктыка
български: Антарктика
буряад: Антарктика
Чӑвашла: Антарктика
Deutsch: Antarktis
dolnoserbski: Antarktis
English: Antarctic
eesti: Antarktika
suomi: Antarktis
Võro: Antarktiga
Nordfriisk: Antarktis
hornjoserbsce: Antarktis
magyar: Antarktisz
Հայերեն: Անտարկտիկա
Ilokano: Antartiko
日本語: 南極
ქართული: ანტარქტიკა
Qaraqalpaqsha: Antarktida
қазақша: Антарктика
kalaallisut: Antarktis
latviešu: Antarktika
Bahasa Melayu: Antartik
norsk nynorsk: Antarktika
norsk: Antarktis
polski: Antarktyka
română: Antarctica
русский: Антарктика
Scots: Antarctic
Simple English: Antarctic
shqip: Antarktis
Türkmençe: Antarktida
Türkçe: Antarktik
українська: Антарктика
oʻzbekcha/ўзбекча: Antarktika (qutb)
Tiếng Việt: Vùng Nam Cực
Yorùbá: Antárktìkì
Bân-lâm-gú: Lâm-ke̍k-chiu
粵語: 南極地區